Разаков зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү тапшырды

16 сентября 2019 12:13 838 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өткөрдү.

 Белгилей кетсек, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашуу зарыл.

 Мындан тышкары өз ара маалымат алмашуу «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткарууга багытталган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/sanariptik-kyrgyzstan-2019-2023



Добавить комментарий