Самара Каримовага Lexus белек кылган күйөрман ким – видео

28 января 2020 11:20 1816 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Самара Каримовага күйөрманы кара түстөгү Lexus үлгүсүндөгү жол тандабасты белек кылды.

Аны тапшыруу учуру тартылган видеону ырчы Instagram баракчасына жарыялады.

“Абдан кубанычтамын. Менин күйөрмандарым эң мыкты! Чыгармачылыкты колдогон мыкты инсандар көп болсун ылайым!!! Жашоодо жакшы адамдар көп. Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө Бакыт аке, Назира эже чоң рахмаат! Жүрөктү кенен коюп, бирөөгө жамандык кылбай , көрө албастык кылбай, артынан жамандабай, гыйбат кылбай өз жолуң менен жүрө берсең Кудайым жолуңду ача берет экен. Кудайыма чексиз шүгүрлөр болсун! Ар бириңиздерди абдан жакшы көрөм жана сыйлаймын! Чындыгында мындай сюрпризди күткөн эмесмин! Аллахым буйруса ийгиликтеримдин башталышы деп билем....... биз басчу жолдор али узак..... амандык болсо баары кезеги менен болуп кете берет....... Эмиииии жууп бербесем болбойт”, — деп ырчы кубанычы менен бөлүштү.


Каримованы темир тулпарлуу болушу менен көптөгөн атактуулар куттуктап жатышат. Арасында Мирбек Атабековдун аялы Мээрим Төлөпберген дагы бар. Ал берилген белекке абдан таң калганын жашырган жок.

"Какой подарок, поздравляю вас! Пусть ведёт вас только по успешным дорогам", - деп жазды Төлөпберген.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimovaga-lexus-belek-kjrman-kim-video



Добавить комментарий