Самара Каримова журналисттерге эмнеге таазим кылды?

20 июня 2019 11:10 1595 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

“Чыгармачыл адамдар үчүн массалык маалымат каражаттары абдан маанилүү. Өзбекстан элинде жүрүп өзүбүздүн жалпы ММК (тв, радио, сайт, газета, журнал) кызматкерлерине ыраазы болдум. Мени бир эле Кыргызстанга эмес коңшу өлкөлөргө да таанытышыптыр. "Сизди телевидениеден көрдүк, сайттан көрдүк "-десе чексиз кубанып жатам. Биздин Кыргызстаныбыздын жалпы журналисттери бар болунуздар! Өнөр адамдарын колдоп жүрө бериниздер. Кыргызстанда эле жүргөнүмдө мүмкүн сиздердин кадырыңыздарды билбей калат белем. Мекенден сырт жүрүп ар бириңиздердин чыгармачылык жолумда ордуңуздар бар экенин жан жүрөгүм менен сездим. Бар болуңуздар, сиздерге таазим биздин сүйүктүү журналисттер!”,-деп жазды ырчы өзүнүн социалдык баракчасына.

 

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-zhurnalistterge-samara-karimova-zhurnalistterge-emnege-taazim-kyldy-taazim-kyldy



Добавить комментарий