Самара Каримова "юпка" кийип алып ушак айткан эркектерге кайрылды
Эстрада ырчысы Самара Каримова эркек башы менен эле жалган аккаунттарды ачып алып, аны жамандап жаткан юпка кийген эркектерге кайрылуусун Instagram баракчасына жазды.
“Эр жигиттин белгиси бирде жигит, бирде кул дегендей..... Урматтуу достор чыныгы мырзалар кандай болуш керек? Ушак кууган аялдар үчүн, бирок акыркы күндөрү бир-эки мырзалар жаңы аккаунт ачып, экран артында аял затына кошулуп, ушак кылып олтурат, ээх мырзалар, мырзалар", — деп жазды ал.
Ырчы алгач социлдык тармактагы баракчасына юпка деп жазып, андан кийин аны юбка деп оңдоду. Бирок интернет колдонуучулар биринчи жазылган билдирүүнү сактап калышып, учурда социалдык тармакта юпкабы, же юбкабы деп талкуулап жатышат. Айрымдары кыргыз тилине юбканы юпка деп киргизүү керектигин дагы сунушташты.
Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-yupka-kijip-alyp-ushak-ajtkan-erkekterge-kajryldy
Добавить комментарий ×