Самара Каримова терс пикир айтып жүргөн адам ким экенин маалымдады:"Гүлчөтай десе"

10 июня 2019 09:34 13080 3 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз эстрада жылдызы, актриса Самара Каримова абдан шок абалда болуп турганын кабарлады. Ырчынын айтымында аны өзүнүн эле тааныш эжелеринин бири абдан таң калтырган. Бул тууралуу ал:

“Ой тообо, ой тообо бүгүн бир кызык окуя болду.
Кээде убакыт болгондо инстаграм баракчама жазылган комментарийлерди окуймун... Негатив жазган, сасык сөз ээлери кимдер экен деп аккаунтун ачсам жалаң "двгвазп0", "00щашвш" , "aid0bgf", "gtf0643" жана башка ушул сыяктуулар экен. Бирда сүрөтү жок. Кызыгып бирөөсүн бир күчтүү программист акеме текшертирсем... бул жагы чатак болду. Телефон номерин, маркасын, өзүнүн оригинал аккаунтун чыгарып берсе болобу туууй...
Көргөндө чуркап келип " Самарочка алтыным" "Самарочкам сен кыйынсын" деп көрүшкөн эжем. Кызыгып өзүнүн аккаунтунан жазгандарды окусам аябай мени мактап жазгандары да бар экен. Ал эмес окуп отуруп мен уялып кеттим, туууй ата Гүлчөтай десе. Ташкенттеги сольный концертим уйку бербей жатат окшойт. Эми көрүшүп калсак кантебиз, өзүм уялып жатам кайра.
Оозуңдан кандай сөз чыкса, сөздүн касиети бар өзүнө чакырат дейт. Жакшы сөз сүйлөп жүргөндүн өзү жакшы! Бар болңуздар менин чыныгы күйөрмандарым. Пендебизда, пенде”, -деген Самара Каримова ал “хейтер” өзүнүн жакын адамы экенине таң калып турганын айтып бирок “Аман болгула” деп жакшы сөздөрдү да айтты.

Эске салсак, ырчы үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда кечки саат 18:30 да Өзбекстандын Ташкент шаарында жеке концертин берүү алдында турат.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-ters-pikir-ajtyp-zhrgn-adam-kim-ekenin-bilgenin-kabarlady-glchtaj-dese



Добавить комментарий