Самара Каримова сыр сактап жүргөн жакшы жаңылыгы менен бөлүштү: "Буюрса сиздерди уят кылбайм"
КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Ташкент шаарында жеке концертин берүү алдында турат. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.
Буга чейин Самара Каримова Barometr.kg редакциясына кытай тилинде ырдаган ыры тууралуу берген маегинде жакынкы күндөрдө өзбек тилинде да ырдап чыгам, азырынча алдын ала айтпай турайын деген эле. Эми минтип:
“Урматтуу күйөрмандарым ар бир ырларым, эмгегим улуу кыргыз эли үчүн. Мени ушул денгээлге көтөргөн сиздерсиздер. Жаңы ийгиликтеримди, жашоомдо, чыгармачылыкта болуп жаткан жакшы жанылыктарымды элибизге кенири жайылткан жалпы журналисттер баарыныздарга чоң рахмат. Таазим! (тв, газета, сайт, радио, журнал, жеке журналисттер) Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында жеке концертимди берүүгө даярданып жатам. Өзбекстан Республикасынын Эл артисттери Азадбек Назарбеков жана Мырза Азизовдун демилгеси менен даярдыктар жүрүп жатат.
Буюрса, сиздерди уят кылбай, жогорку деңгээлде бергенге болгон күчүмдү, тажрыйбамды жумшаймын. Эки эрдин достугу -эгиз, эки элдин достугу-деңиз! Чек араларды ачып, эки элди дагы да жакындаткан урматтуу Президенттерибизге чон рахмат.
Чек ара ачылгандан бери, биринчи менин жеке концертим болгону мен үчүн чоң сыймык!”, -деп жакшы жаңылыгын көпчүлүк менен бөлүшүп олтурат.
Маалым болгондой ырчы буга чейин бир гана кытай тилинде эмес башка дагы улуттардын ырларын ырдап келет. Каримова дайыма чыгармачылыгын башка улуттардын арасына да жайылткысы келээрин айтып келет.
Көпчүлүк ырчыга ийгилик каалап, боордош элде бере турган жеке концертин жогорку деңгээлде өткөрүп алуусун каалоодо.
Добавить комментарий ×