Самара Каримова: “Кыргызы, вы молодцы, уже вы в Кремле!..." десе, көзүмө жаш тегеренди...
Ырчы Самара Каримова Москванын Кремль сарайындагы жеке концерти ийгиликтүү болгонун айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Ырчы айым Жаранканга, анан аны колдогон Москвадагы күйөрмандарына ыраазычылык айтат.
“Толкундандануу, сүйүнүү, сыймыктануу менен баштадык! (ичимде ыйлап жаттым) Москва шаарындагы мекендештер чоң рахмат, ТААЗИМ сиздерге! Абдан жакшы колдоп бердиңиздер! Легендарлуу Кремль сарайында сүйүктүү мекенибиздин Гимнин жаңыртуу чоң максатым болчу! Биринчи Алла таалам, экинчи баарыңыздар колдодуңуздар.
Зал 110% толду деп Кремлдин жамааты айтып жатты".
-Кыргызы, вы молодцы, уже вы в Кремле!..." десе, көзүмө жаш келип кетти... Кыргыз болгонума сыймыктандым!
Репетициялар, уюштуруу иштери мен учун оңойго турган жок. Мекендештер иш күнү болуп калды , Кремлге бара албадык,дем алыш күндөрүнө кайра концерт бер деген мекендештер 31-декабрга чейин календарым пландалган эле.
Кремль сарайынын эс алуу күндөрү 3,4 жылга бош эмес экен.
Менин официалдуу ютуб каналыма катталып алыңыздар аз күндө концертти толук салабыз!”, – деген билдирүү калтырган.
Самара Каримованын жеке концерти 23-октябрда Кремль сарайынын концерттик чоң залында өттү. Самара Кыргызстанда эң белгилүү эстрада жана кино жылдыздарынын бири катары таанымал. Анын Instagram’дагы аккаунтунун катталуучулары 1 млн 600 миңге жеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-kyrgyzy-vy-molodcy-uzhe-vy-v-kremle-dese-kzm-zhash-tegerendi
Добавить комментарий ×