Самара Каримова Instagram баракчасындагы күйөрмандары 2 миллион болгонун жар салды
Поделиться в:
Эстрада ырчысы Самара Каримова Instagram баракчасындагы күйөрмандарынын саны 2 миллион болгонун жазды.
“Ураа, ураа биз эми 2 млн болдук! Жакшылыкты жар салсаң көбөйөт дейт, сиздер менен биз 2 миллион болдук! Бул Кыргызстандагы алгачкы 2 миллион! Бул биздин ийгилик, бул биздин жеңиш! Буйруса мындан да көбөйөбүз! Менин сүйүктүү күйөрмандарым эң активдүү жана эң мыкты! Телефонум куттуктоолордон тына элек! Кубанычымды кубаттап жакшы тилегин жөнөткөн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем!” деп жазды ырчы.
Ырчы андан сырткары Instagram баракчасына аркылуу күйөрмандарына ырдап берип, концерт койду.
Буга чейин ырчы Instagram баракчасына катталгандар 1 миллион болгондо той берген жайы бар.
Добавить комментарий ×