Самара Каримова тамашоучу Мурат Жалиевди издөөдө. Ал акча карызбы?

14 мая 2019 11:15 9697 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Самара Каримова тамашоучу Мурат Жалиевди издеп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

“Сүрөттөгү мырзаны ким көрдү? 5 күндөн бери таппайм. Сураныч табышып коюңуздар. Ким таап, түз сүйлөштүрсө сүйүнчүсү бар”, -деп таап берген кишиге 200 бирдик убада кылып, Мурат Жалиевдин сүрөтүп тиркеп койду.




Пикир калтыруучулардын сөздөрүнө берилген жоопторго караганда Жалиев Каримовага акча карыз. Бирок ырчы бул тууралуу ачык айткан жок.

Редакция Мурат Жалиевдин жеке номуруна чалып байланыша алган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimov-tamashouchu-murat-zhalievdi-izdd-al-akcha-karyzby



Добавить комментарий