Салымбеков: экологиялык сабатсыздыктан улам тоо-кен тармагында түшүнбөстүктөр болуп жатат

26 февраля 2020 14:11 3671 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы түшүнбөстүктөр сабатсыздыктан болуп жатакнын “Борбор-Азия: Согуштук аракети жок регион” аттуу илимий конференцияда айтты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын тоо-экологиялык системасы жаңы импульска муктаж экенин белгиледи.

“Өкмөт ушул тоо темасына басым жасаш керек. Кыргызстанда дал ушул тоо тармагындагы окуялардын айланасында талаш-тартыштар болуп жатат го. Мисалы, Кызыл-Омпол, Солтон-Сары, Ат-Башы, Жерүй жана башка. Экологиялык сабатсыз кишилер бизге ушул ишти кантип алып баруу керектигин үйрөтүп жатат. Бул боюнча биздин окумуштуулар дагы өз оюн айта элек, силер кайдасыңар? Биз өкмөт менен бирге сапаттуу концепция түзүп, аны сабаттуу кишилер элге жеткириш керек. Мына Чым-Коргондо отурган бир блогер элди дүрбөтүп жатат”, — деди ал.

Салымбеков андан сырткары тоо, экологиялык коопсуздук боюнча концепциясы болушу керектигин айтып, тоо-кендерин өздөштүрүү илимий жактан негизделип жазылып, элге жеткирилиши керек.


Ссылка: https://barometr.kg/salymbekov-ekologiyalyk-sabatsyzdyktan-ulam-too-ken-tarmagynda-tshnbstktr-bolup-zhatat



Добавить комментарий