Жалал-Абадда мыйзамсыз 3, 6 млн сомдук спирт ичимдиги кармалды

23 июля 2020 14:47 713 Barometr
Поделиться в:
ok

Ала-Букада тийиштүү документтери жок спирт ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу  Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Салык кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар, тийиштүү документтери жок алкоголдук  ичимдиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүн аныктады. 

"Жалпысынан 3, 6 млн сом суммасындагы 42 миң 208 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Анын ичинде алкоголду дүң сатуу боюнча лицензияланган кампалардан "Лига Трейд" ЖЧКда – 1,1 млн сом суммасында 10 миң 171 бөтөлкө, "Серебром" ЖЧКсынан – 2,5 млн. сомго 32 миң 37 бөтөлкө", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-zhalal-abaddan-42-mi-btlk-myjzamsyz-alkogol-tartyp-aldy



Добавить комментарий