Салык кызматы мыйзамсыз 29 миң бөтөлкө алкоголду аныктады

2 сентября 2020 14:39 1711 Barometr
Поделиться в:
ok

Салык кызматы мыйзамсыз  29 миң бөтөлкө алкоголду аныктады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Малекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны лицензиясы жана тиешелүү сертификаты жок сатуу максатында мыйзамсыз сакталган фактысын аныкташты. 

Жалпысынан ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра. 

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-myjzamsyz-29-mi-btlk-alkogoldu-anyktady



Добавить комментарий