Салык кызматы Кыргызстанга 111 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады

21 сентября 2020 15:25 738 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ак-Тилек авто жолу"пунктунан тиешелүү документи жок 111 мал жүктөгөн унаалар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.   

 Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ири мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташып кирүү аракеттерин аныкташты. 

Тактап айтканда, 111 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди. 


 

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-kyrgyzstanga-111-iri-mjzd-bodo-maldy-myjzamsyz-alyp-kir-araketin-anyktady



Добавить комментарий