Мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

11 февраль 2019 11:40 1016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты салык төлөөчүлөрдү атады.

Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди. 8-февралында премьер-министрдин катышуусу менен өткөн Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясы өткөн. Анда өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн сыйланган.

2018-жылдагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн өндүрүш чөйрөсүндө – «Росс-Прокат-КейДжи» ЖЧК (Чүй облусу), «Арча» ЖАК (Ысык-Көл облусу), «Электр станциясы» ААК филиалы - МЭС куруу ишканасы (Жалал-Абад облусу), «Шарбон» ЖАК (Нарын облусу), «РыбМир» ЖЧК (Ысык-Көл облусу) Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту.

Ал эми «Жолчу» ЖЧК (Талас облусу) курулуш чөйрөсүндө мыкты болду.

соода чөйрөсүндө – «ГазпромНефтьАзия» ЖЧК (Бишкек ш.), «Алкозай - СЭЗ» (ЭЭА Бишкек), жана «Дом Света» ЖЧК (Ош облусу).

Аларга тийиштүү сертификаттарды жана дипломдорду тапшырылды.

Мыкты салыкчылар жылына өлкө казынасына канча киреше алып келери маалыматта айтылган эмес.

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга олуттуу салым кошуп жатышкан жана республиканын салык мыйзамдарын бекем сакташкан ак ниет салык төлөөчүлөргө жогору урмат-сый менен мамиле жасаары маалыматта айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-2018-zhyldyn-zhyjyntygy-boyuncha-mykty-salyk-tlchlrd-atady-birok-kajsy-ishkana-kancha-salyk-tkkn-ajtyla-elek



Добавить комментарий