Салык кызматкерлери Балыкчыдан алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирманы аныкташты

14 ноября 2019 12:51 1673 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЭККМК менен бирдикте Балыкчы шаарынан алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган жергиликтүү фирманы аныкташты. 

Алсак, рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө «Балыкчы алко трейд» ЖЧКсы тарабынан «Оренбургский пуховый платок»  маркасындагы арак продукциясынын лицензиясыз даярдалгандыгы аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган ЖЧКнын лицензиясынын колдонулушу  алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо функциясы өткөрүлүп берилгенге чейин ыйгарым укуктуу орган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган. Бирок, ЖЧК тарабынан лицензиянын колдонуу мөөнөтүн жаңыртуу жөнүндө Балыкчы шаары боюнча салык органына расмий маалымат түшкөн эмес. Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы тартып алынды. 

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmatkerleri-balykchydan-alkogolduk-produkciyany-myjzamsyz-chygargan-firmany-anyktashty



Добавить комментарий