Салянованын инисинин өлүмү боюнча иште буйрутма бергендерди табуу талабы коюлат

11 июня 2019 12:21 1399 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча сот отуруму уланат. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу билдирди.

Маалыматка ылайык жаңжалдуу ишти жактоочу соттон ишти кошумча иликтөөгө кайра жөнөтүүнү суранат. Анткени, процесс буйрутманын ким экендигине чыга турган уюштуруучусу жок эле өтүп жатат.

Жактоочу “Жакында эле өлүмдү уюштурган  36 жаштагы Асанэмир Абыкулов атайын конвой менен Москвадан  Бишкекке алып келинген. Биз уюштуруучу аркылуу саясий буюрутма берген кишиге чыга алабыз деп ишенебиз. Тагыраак айтканда,бул саясий буйрутма экендигине толук негиздер бар”,- деп билдирди.

Салянованын инисинин өлүмү боюнча соттук отурум түштөн кийин саат 15:00дө уланат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 42 жаштагы Улан Салянов  2017-жылы 6-ноябрда киши колдуу болгон. Бир нече киши анын үйүнө кирип барып ок чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/salyanovanyn-inisinin-lm-boyuncha-ishte-bujrutma-bergenderdi-tabuu-talaby-koyulat



Добавить комментарий