Саламаттыкты сактоо министри октябрь окуясында жаракат алгандардын абалы менен таанышты

23 октября 2020 10:11 743 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барып, бейтаптардан кабар алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 22-октябрда, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-октябрдагы окуялардын кесепетинен жабыркаган бейтаптардан кабар алуу максатында Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барды.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ар кандай жаракат алган 500дөн ашык жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн борборго кайрылышкан, баардыгына керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. «Кайрылгандардын көпчүлүгү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Учурда 15 бейтап дарыланууну улантууда, бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө. Динамикада бир аз жакшыруу байкалганына карабастан анын абалы өтө оор деп бааланууда, анын ден-соолугуна тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Калган бейтаптардын абалы туруктуу, бардыгы тиешелүү акысыз дарылануудан өтүшүүдө », - деп белгиледи Сабырбек Жумабеков.

Иш сапардын жыйынтыгында министр жабыркагандарга бардык зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүнү, керек болсо тиешелүү адистердин консультацияларын уюштурууну тапшырды.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо уюмунда 1250 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылып, анын 279 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө 20 жабырлануучуга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/salamattykty-saktoo-ministri-oktyabr-okuyasynda-zharakat-algandardyn-abaly-menen-taanyshty



Добавить комментарий