Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорт кандай шартта иштей турганын билдирди

20 мая 2020 11:27 1663 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары 25-майдан тарта иштей турчу коомдук транспорт үчүн атайын санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкканын билдирди.

“Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деди ал.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир каттамга чыккан сайын тазаланып турушу шарт.

“Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар”, - деп белгиледи Н.Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligi-koomduk-transport-kandaj-shartta-ishtej-turganyn-bildirdi



Добавить комментарий