Саламаттык сактоо министринин орун басары улуу муундагы адамдарга кайрылуу жасады

13 июня 2020 12:57 1083 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев, улуу муундагы адамдарга  кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана  мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алуусуна чакырды. Бул тууралуу ал Брифинг учурунда билдирди. 

«Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар», - Н.Усенбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн коронавирусту жугузган жаңы 41 учур катталып, 2 207ге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrinin-orun-basary-uluu-muundagy-adamdarga-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий