Сакалчан сексуалдуу “Альфа-эркектер” тууралуу кызыктуу фактылар

25 октября 2019 11:49 2627 Barometr
Поделиться в:
ok

Чыныгы заманбап «альфа-эркектин» эң негизги белгиси - ул анын сакалы. Ал эмес мектептин окуучу балдары дагы эрктүү, күчтүү, улуу көрүнүшү үчүн кою сакалды өстүрүүгө абдан кызыктар. Бирок, сакалдын адамдын жашоосунда канчалык деңгээлде баркка ээ болгон, кандай негизги ролду ойногону тууралуу билгендер аз.  Беттеги түктөрдүн өсүшү боюнча айрым бир тактыкталган маалыматтарды белгилей кетсек болот.

Сакал менен убагында улуу орус падышасы Петр 1 убагындан сакалы бар эркектер жылына статусуна жараша жогорку салыктарды төлөп келишсе, Александр Македонский өзүнүн аскерлерине сакал өстүрүүгө тыюу салган, анткени согуш талаасында душмандар алардын сакалынан кармап алат деген кооптонуу жаралган.   

Эң узун сакал 1927 жылы Норвегияда катталган, анын узундугу 5 метрге чейин жеткен. Башка мезгилдерге карганда жайында сакал тезирээк өсөт. Түнгө караганда күндүзү сакал ылдам өсөт.  Кайра кайрадан, бат-бат сакалды ала берсе калыңдап өсөт деген болжомолдор бүдөмүкө алып келет.  Жарашыктуу сакал өстүрүү модага айланганына байланыштуу учурда  чачты бетке көчүрүү популярдуу болууда. АКШда мындай ыракат 7000 доллар турат.  

Гректерде сакалга кам көрүү үчүн атайын – “погонотрофия” деген термин бар. Мурунку кылымдарда башка бирөөнүн сакалына кол тийгизүү сыйлабастыктын эң жогорку тепкичи деп эсептеп, дуэлге чакырык жасашкан.

Күнүгө сакалын алган эркек өзүнүн өмүрүндө 3350 саатын  сакал алууга жумшайт. Сакал эркектин ички эркектик дүйнөсү жөнүндө кабарлашы мүмкүн, өстүргөн сакалды бакканды дагы билиш керек. Сакал көрктүү, ойдогудай болушу үчүн организмди өз убагында керектүү азыктар менен камсыз кылып туруш керек.  Эркектин организими канчалык деңлээлде керектүү элементтерге, азыктарга бай болсо, анын сакал-муруту ошончо көрктүү жана өзүнө жарашыктуу болуп жүзүнө айкалышат.    

Сакал эркектин символу болгон чыныгы эркек үчүн сырткы көрүнүштүн  эң негизги элементи болуп эсептелет.  Сакалчан  голливуд мырзалары гана эмес, жарашыктуу сакалчан жөнөкөй мырзалар дагы сакал-муруту менен башка эркектерге  караганда алда канча эрктүү, алда канча сексуалдуу көрүнүшөт.

Эскерте кетсек сакал-мурут аллергиясы барларга пайдалуу, сакал чаңдардан, кир ыплас нерселердин табигий фильтр катары сактайт, аны убагында тазалап туруш керек.

  

Ссылка: https://barometr.kg/sakalchan-seksualduu-alfa-erkekter-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar



Добавить комментарий