Саймаитини өлтүргөндөрдүн экөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталган жок
Саймаитини өлтүргөндөрдүн экөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталган жок. Бул тууралуу Саймаитинин ишин иликтөө боюнча жогорку кеңештин комиссиясынын жыйыны учурунда ИИМдин өкүлү билдирди.
Бизге Түркиядан келип түшкөн маалымат учурунда Саймаитинин өлүмүн иликтеген бир нече тергөө тапшырмаларын бергенбиз. Алар бизге жооп беришти. Кармалган шектүүлөр, кылмышты аткарган жаран өзүн Туркияга берген көрсөтмөсүндө Өзбекстандын жаранымын деп тааныштырып, буйрутма алгандыгын, Саймаити мусулман эмес деп Туркияга келип Адем аттуу Сириялык жарандан буйрутма алып, өлтүргөнүн айткан. Анын экөө Кыргызстандын жаранымын дешкен. Бирок бул маалымат азырынча тастыкталган жок. Алар өздөрү гана айтып жатышат, бирок муну эчким тактаган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/sajmaitini-ltrgndrdn-ek-kyrgyzstandyn-zharany-ekeni-tastyktalgan-zhok
Добавить комментарий ×