Сайкалдын жолдошу Максат жакында бир жакшы кабар болоорун айтты

4 декабрь 2018 15:49 5335 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу, белгилүү ырчы Сайкалдын жолдошу Максат Довранов жеке баракчасына жүрөкчөнүн сүрөтүн чыгарып, "жакында..."-деп сырдуу бир иштин башын кылтыйтты. Муну менен жакында эмне болуп кетээр экен деп интернет колдонуучулар ар кандай божомолдорду айтышты. Андан соң жүрөкчөнүн сүрөтүн өчүрүп салган. 

Ал эми Назар Ньюс сайты Максаттын мурунку сүйгөнү Айбийкеге сезимдери ойгонуп, качандыр бир убакта таштап кеткен сүйгөнүнө жете албай убара болуп жаткандыгы байкалат-деп жазды. 

"Максат менен Сайкал ажырашпай эле сонун жашап жатышат. Мен аларды дайыма бирге көрөм"-деп жазгандар да болду. 

Эмнеси болсо дагы, чымчыктын дагы уясы бузулбасын дегендей, Максаттын жакшы кабары жакшы жагына эле болсун дейбиз. 


Ссылка: https://barometr.kg/sajkaldyn-zholdoshu-maksat-zhakynda-bir-zhakshy-kabar-boloorun-ajtty



Добавить комментарий