Сайкал менен Максат ажырашканбы?

1 август 2018 19:00 19098 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүккө белгилүү ырчы кыз Сайкалдын жолдошу Максат жакында эле бели катуу ооруп, баспай калганын айтты. Рекламабы же чын эле баспай ооруп калыбы, айтор өздүк баракчасына мындай деген билдирүү калтырды:

"Жакында эле белим катуу ооруп, кокустан эле белимден ылдый жагы кыймылга келбей баса албай калдым. Ооруканага барсам, белиме катуу суук тийип, нервдерге зыян болгонун айтып, укол жана дары-дармек жазып берди. Бир жума ооруканага каттап жүрүп, дарыландым. Дубалды кармап, эптеп басып калганым эле болбосо толук жакшы болуп кете албадым. Кадимкидей коркуп кыжалат болдум. Анан массажга барууну туура көрүп, ошол массаждан жакшы болдум"-деп жазган. 

Билдирүүлөрдөн Максаттын оорусуна шыпаа тилегендерден дагы ага "Сайкал менен ажырашып кеткениңер чынбы?"-деген суроолор көп берилди. Буга азырынча Максат дагы, Сайкал дагы комментарий бере элек. 

Бирок, акыркы убактарда Сайкал Максаттын сүрөттөрүн өчүрүп салганы, байма-бай "ушакчылар" жөнүндө айтылган цитаталарды  чыгарып калып жаткандыгы, интернет колдонуучулардын шектенүүсүнө ого бетер май тамгандай эле болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/sajkal-menen-maksat-azhyrashkanby



Добавить комментарий