Сахалинде кыргызстандык бешинчи кабаттан кулап каза тапты

25 марта 2019 15:57 2922 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Сахалинская областындагы Александровск-Сахалинский шаарында 41 жаштагы кыргызстандык беш кабат үйдүн үстүнөн кулап кеткен. Ал кырсык болгон жерде жан берди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын тергөө комитетинин Сахалинская областы боюнча тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандык Комсомольская көчөсүндө жайгашкан беш кабат үйдүн чатырын оңдоп жаткан.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/sahalinde-kyrgyzstandyk-beshinchi-kabattan-kulap-kaza-tapty



Добавить комментарий