Сахалин областында Азатбек Алимбек уулунун сөөгү табылды

23 июля 2019 10:52 1999 Barometr
Поделиться в:
ok

Сахалин областынын Корсаковский районундагы Чапаево айылында жоголуп кеткен таксист Азатбек Алимбек уулунун сөөгү табылды. Бул тууралуу sakhalin.info кабарлады.

Унаа токойдо токтоп турган жеринен табылган.Таксистти өлтүрүүгө областтык борбордогу үч тургун шектүү делип кармалды. Буга чейин бир нече ирет соттолгон 24 жаштагы жигит жана 22 жаштагы эки жигит камакка алынды.

Эскерте кетсек, Россиянын Сахалин областында 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны Азатбек Алимбек уулунун жоголгондугуна байланыштуу Россиянын Кылмыш кодексинин 105-беренесинде каралаган (киши өлтүрүү) белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Алимбек уулу Азатбек 19-июлдан 20-июлга караган түнү мамлекеттик номери А 801 ЕМ 14 болгон  «Тойота Марк 2» унаасы менен жүргүнчү салып кетип ошол боюнча кайтып келген эмес.

  

Ссылка: https://barometr.kg/sahalin-oblastynda-azatbek-alimbek-uulunun-sg-tabyldy



Добавить комментарий