Депутат Сагындык Келдибаев: Кыргызстанда ВИЧ-инфекция менен ооруган 9 минге чукул адам бар
Статистикалык маалыматтарга карагандар, Кыргызстанда ВИЧ-инфекция менен ооруган 9 минге чукул адам бар. Ал эми эмгек миграциясында жүрүп, чет өлкөлөрдө мындай дартты жугузуп алган 480 адам кайтып келген. Мындай абал коңшу өлкөлөрдө деле бар дечи, бирок биз ага каршы туруу жаатында тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Ансыз калкыбыздын келечегине балта чаап алабыз. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. «Чет өлкөлөрдөн кыргыз жарандары эле эмес, чет өлкөлүк жарандар, миңдеген туристтер менен студенттер келүүдө. Биз аэробекеттерде, темир жол бекеттеринде, чек аралардагы өткөрүү жайларында атайын лабораторияларды ачып, өлкө аймагына кирген адамдардын ВИЧ-инфекция дартына чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип, абалды көзөмөлгө алышыбыз керек. Ансыз бул жугуштуу дарттын жайылышын токтото албайбыз. Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш», - деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/sagyndyk-keldibaev-kmt-bul-bagytta-tijisht-charalardy-krg-tijish
Добавить комментарий ×