Садыр Жапаровго Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке беришти

9 февраля 2021 09:38 5914 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке алганын жазды. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бирок, ал бул автоунааны сейрек буюм деп эсептегендиктен, аны музейге тапшырууну ылайык көргөн.

“Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады. «00-01 ФИА» номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт. Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү.

Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм", - деп жазган Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovgo-turdakun-usubalievdin-unaasyn-belekke-berishti



Добавить комментарий