Садыр Жапаровдун жактоочулары аны колдоо митингине чыгышат
Бишкекте 19-декабрда Горький паркында Садыр Жапаровду колдоо митинги болот. Бул тууралуу социалдык тармакта тарапташтары кабарлады.
Эске салсак, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.
Үстүбүздѳгү жылы октябрь айында №1 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылган. Саясатчынын жактоочусунун айтымында азыркы күнгѳ чейин жооп келе элек.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-zhaktoochulary-any-koldoo-mitingin-plandoodo
Добавить комментарий ×