Садыр Жапаров уулун үйлөнтүп, куда тосту (видео)
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров уулун үйлөнттү. Бул тууралуу адвокат Шарабидин Токтосуновдун фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Садыр Нургожоевич, Айгүл Жапаровна той кут болсун. Рүстөм алганы менен кошо карып, бактылуу, таалайлуу, келечеги кең, келечекте атасындай кыргыз элинин керегине жараган инсандардан болсун. Кудалыгыңыздар миң жылдык болсун. Тойуңуздар тойго уланып көп небере, чебере, гиберелүү болушуңуздарды Алла таалам насип кылсын”, - деп жазды Токтосунов.
Ошону менен катары эле, соцтармактын колдонуучулары да Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүндө болуп жаткан тойду кубануу менен кабыл алып, каалоо-тилектерин айтып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-uulu-jlnd
Добавить комментарий ×