Садыр Жапаровдун тарапташтары аны бошотууну талап кылып кол чогултууда
Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып кол чогултуп жатышат. Анын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан баш-аягы 10 миңге жакын кол топтолгон. Кол топтоонун саны 100 миңге жеткирүүнү пландап жатышат.
«Өлкѳнүн бардык аймактарынан адамдар телефон чалып «Садыр Жапаров эмне үчүн эркиндикке чыгарылбай жатат?» деп тынчсызданышууда. Алар «митингге чыгабыз» дегенинен аны токтотуп койсок кол чогулта башташты. Кол топтолуп бүткөндөн кийин биз президентке жана Жогорку Сотко арыз менен кайрылабыз», – деди Шарабидин Токтосунов. Ошондой эле, аймактарда штабдар түзүлүп жатканын кошумчалады. Мындай штабдар кыргыз жарандары жүргөн башка өлкөлөрдө да түзүлѳт.
Эске салсак , Садыр Жапаров Кумтөр маселесине боюнча «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-taraptashtary-any-boshotuunu-talap-kylyp-kol-chogultuuda
Добавить комментарий ×