Садыр Жапаровдун соцтармактагы баракчасын хакерлер бузуп кирип, билдирүү калтырышкан

4 марта 2021 11:18 4315 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы аккаунтун чоочун адамдар бузуп кирип, анын атынан комментарийлерди жазып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр. Мен жасалма аккаунттардан жазып жатышса керек деп ойлогом, тилекке каршы, менин өзүмдүн жеке аккаунтум экен. Колдонуп жүргөн жардамчымдан сурасам, биз эмес дейт. Азыр менин мурдагыдай интернет карап олтурганга убактым деле жок.

“Фейсбукту” эле бузуп  киришеби же "Одноклассники" менен “Инстаграмды” да бузуп кире алышабы?”, - деп жазды Жапаров.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кече, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун талкуу учурунда сүйлөгөн сөзү “Азаттык” радиосунун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган. Видео тасма жарыялангандан көп өтпөй видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун “фейсбуктагы” расмий баракчасынан Дастан Бекешевдин жеке адамдык сапатына шек келтирген сөздөр менен комментарий жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-soctarmaktagy-rasmij-barakchasyn-buzup-kirip-choochun-adamdar-bildir-kaltyryp-zhatkany-kabarlandy



Добавить комментарий