Садыр Жапаров жубайы менен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине күбө болушту
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева менен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине күбө болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобу, 7-март күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, аялзатынын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең апа сенин бешигиң" аттуу концертин тартуулашты.
Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссеру КР эл артисти Алтынбек Максүтов.
Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Концертке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhubajy-menen-el-yrchysy-estebes-tobunun-koncertine-kb-bolushtu
Добавить комментарий ×