Садыр Жапаров: Жээнбековго кызматтан кетип, экс-президент бойдон калууну сунуштайм
Бүгүн, 14-октябрда жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге президенттин кызматтан кетүүсү тууралуу оюн айтты.
Ал учурда Өкмөт үйүнүн алдында президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып турган митингчилердин мүдөөсү аткарылышы керектигин айтты.
“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес. Бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Бүткүл кыргызстандыктардын талабы "президент кетсин", "шайлоо жокко чыксын" деп келип жатышат. Анан "Садыр Жапаровду отургузуп келели" деген талап менен чыгышкан. Мен бүгүн президентке жолугам. Бул маселени чечебиз. Бүгүн аягына чыгарабыз. Мындан ары туруктуулук болушу керек. Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал кырдаал мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин арызымды жазып, экс-президент болуп калайын деген. Мен ошол чечимди сунуш кылам. Аны кандай кабыл алат, ал өзүнүн иши”, – деди ал.
Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө турукташып, мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин, өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кетерин айткан.
Добавить комментарий ×