Садыр Жапаров: Жаңы президент иштебей жатат деген калыстыкка жатпайт. Анткени мен жумушка чыга элекмин

26 января 2021 12:33 6227 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасына жаңы президент болуп шайланган Садыр Жапаров элди дагы да чыдай турууга үндөп, июнь айларында “саясий процесстер бүтөрү менен коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз” деди. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу мен мекенчилмин деп күйгөн замандаштар!

Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп, өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек.

Мен жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот.

Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.

Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула!

Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем.

Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт.

Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек”, - деп жазды Жапаров.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhay-prezident-ishtebej-zhatat-degen-kalystykka-zhatpajt-antkeni-men-zhumushka-chyga-elekmin



Добавить комментарий

  • Биз сизге ишенебиз! Биринчиден продуктыны козомолго алсаныз жакшы болот эле,карапайым эл кыйналып кеттик! Ишинизге ийгилик!