Садыр Жапаров уулун сүзгѳн айдоочуну кечирди

27 августа 2019 15:29 3955 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Камактагы саясатчы Садыр Жапаров мотоциклчен уулун сүзгөн унаанын айдоочусун кечирди.

 26-августта эртең менен ооруканада 27 жаштагы Дастан Садыр уулу көз жумган. Ал 22-августта саат 22:30 чамасында болгон жол кырсыктан бери жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Коомдук активист Мелис Аспековдун айтымында, Садыр Жапаров туугандарынан жол кырсыкка катышкан «Тойота Матрикс» унаасынын айдоочусуна жана башка катышуучуларга карата арыз жазбоону суранган.

«Ал айдоочуну кечирди. Жашоодо ар кандай нерселер болот эмеспи. Мындай кайрылуусун Садыр Жапаров туугандарына түндө айтса керек, мен эртең менен уктум», - деди Мелис Аспеков.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун абалы оор, бирок өзүн көзөмөлдөп жатат. Анын уулу Түп районунун Кең-Суу айылында жерге берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-uulun-szgn-ajdoochunu-kechirdi



Добавить комментарий