Садыр Жапаров Сурабалдиеваны вице-премьер-министр кызматына дайындоо жарлыгына кол койду
Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетек, бүгүн, 28-октябрда Эльвира Сурабалдиеванын вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошкон.
Добавить комментарий ×