Садыр Жапаров сунуштаган өкмөттүн курамы (тизме)
Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүүнү карашты.
Садыр Жапаров өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калганын айтып. Ал эми өкмөттүн курамы 15-20 пайызга өзгөргөнүн белгиледи.
"Мына бүгүн үчүнчү жолу сиздердин алдыңыздарга өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын киргизип жатабыз. Программа менен структарда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Өкмөттүн курамында анча-мынча өзгөрүүлөр болду", - деди Жапаров.
Садыр Жапаров сунуш кылган өкмөттүн курамы:
Садыр Жапаров — премьер-министр ;
Артём Новиков — биринчи вице-премьер;
Равшан Сабиров — вице-премьер;
Максат Мамытканов — вице-премьер;
Аида Исмаилова — вице-премьер;
Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр;
Санжар Муканбектов — экономика министри;
Кыялбек Мукашев — каржы министри;
Эркинбек Чудуев — айыл чарба министри;
Бакыт Бердалиев — транспорт жана жолдор министри;
Марат Жаманкулов — юстиция министри;
Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Бообек Ажыкеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Нуржигит Кадырбеков — маданият, маалымат жана туризм министри;
Жыргалбек Сагынбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы;
Алтынбек Исмаилов — Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-sunushtagan-kmttn-kuramy-tizme
Добавить комментарий ×