Садыр Жапаров: санариптештирүү азыркы замандын башкы тренди

7 сентября 2022 14:01 966 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди экенин белгиледи. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Президенттин айтымында, Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат.

Өлкө боюнча китепкана жана жаштар борборлорунун базасындагы жогоруда аталган 70 борбор онлайн режимде ишке киргизилген.

Садыр Жапаров бул өзгөчө, алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи. 

Ал өлкө аймагында 38 Калкты тейлөө борбору, 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун түзүлүшү менен мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк кыйла кеңейип жатканын кошумчалады. 

Электрондук санариптик кол тамганы да каттоого боло тургандыгын эске алганда, жарандар күнүмдүк жашоосундагы көптөгөн маселелерди оңой чечүү үчүн борборлордогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат. 

“Долбоор калктын бардык катмарларын: биринчи кезекте жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды, аялдарды, мигранттарды, ал эмес аксакалдарды да тарткандыгы өзгөчө маанилүү. Аталган борборлор билим берүү багытындагы программалардан тышкары, жергиликтүү коомчулуктардын ийгиликке жетишкен лидерлер менен жолугушууларды, аялдардын лидерлигин алдыга жылдыруусу, жаштардын дебаттарды өткөрүүсү үчүн аянтча болуп бере алат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров. 

Ал мамлекет жыл аягына чейин алыскы райондордо жана айылдарда дагы бир нече ондогон борборлорду ачууну колдоорун белгиледи. Элдин санариптик билимин өркүндөтүүгө, ошондой эле жаратылыш ресурстарына кылдат мамиле жасоого багытталган бул комплекстүү социалдык долбоорду ишке ашыруу жарандардын өлкөнүн саясий жана шайлоо системалары тууралуу түшүнүгүн жакшыртууга мумкүндүк берет,  шайлоолорго болгон ишенимди арттырат жана ага жарандардын катышуусун активдештирет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн билимдүү, руханий жактан өнүккөн, ата-бабалар тарыхын жакшы билген, улуттук жана үй-бүлөлүк наркты жана баалуулуктарды урматтаган, башка этностордун, башка дин өкүлдөрүнүн укуктарын сыйлаган, түрдүү тилдерди билген, санариптик компетенцияга ээ кыргызстандык жаранды калыптандыруу маанилүү. Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров түзүлүп жаткан борборлордун программаларына Кыргызстан элинин баалуулуктары менен нарк-насили, өлкө тарыхы тууралуу системалуу маалыматтык билим берүү иштерин киргизүүнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштгө жана ар кыл жарандык институттарга, коомдук уюмдарга Кыргызстанда жарандык билим берүүнү өнүктүрүү демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Билим берүү ишмердүүлүгүнө жарандык билим берүү программаларын киргизүү пландаштырылууда. Алар: “КР жараны жана шайлоолор”, “КР саясий системасы”, “КР шайлоо процесси”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Экология жана укук" жана башкалар.

Ошондой эле, компьютердин баштапкы көндүмдөрү, өз алдынча билим алуу жана өзүн өнүктүрүү үчүн интернет ресурстарын кантип колдонуу керек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын кантип колдонуу керек, SEO (сайтыңызды кантип илгерилетсе болот), SMM (жарнамалык көндүмдөрдүн мониторинги), графикалык дизайн сыяктуу жана башка санариптик билим берүү программалары.

Иш-чаралардын форматтары окутуу курстарын (онлайн/офлайн), тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, дебат клубун, аялдар клубун ж.б. өткөрүүнү камтыйт.

Маалыматка ылайык, түзүлүп жаткан борборлордо санариптик билим берүү программаларын эки деңгээлде өткөрүү пландалууда:

  • Жарандардын электрондук сервистерди колдонуусун кеңейтүү, заманбап электрондук технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу үчүн жарандардын жөнөкөй санариптик билим деңгээлин өстүрүү; 
  • Өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүдө жаштарды IT-кесибине тартыш үчүн санариптик билим берүү программаларын ишке ашыруу.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-sanaripteshtir-azyrky-zamandyn-bashky-trendi



Добавить комментарий