Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырды
Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КРнын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет
КРын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтеринин тизмеси жөнүндө БШКнын токтомуна ылайык, Садыр Жапаров КРнын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Добавить комментарий ×