Садыр Жапаров: Орус тилинин расмий тил макамы сакталып калышы керек

27 ноября 2020 12:59 1758 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров орус тилинин расмий тил макамы сакталып калышы керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилинин официалдуу статусун алып салууну сунуштады.

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот.

Мындан сыркары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек”, - деп жазды.

Эске сала кетсек, кече, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында Садирдин Төралиев Кыргызстанда кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экендигин айтып, кыргыздар эне тилин унутуп баратканын эскерткен.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-orus-tilinin-rasmij-makamy-saktalyp-kalyshy-kerek



Добавить комментарий