Садыр Жапаров маркум уулуна: Жаш кеттиң... Сени үйлөнтө албадым... кечир...

28 августа 2019 14:07 2961 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун каза болгон туң уулу Дастан бүгүн акыркы сапарга узатылып, анын сөөгү жерге берилди.

Маркумга топурак салууга Садыр Жапаров өзү да катышты. Буга байланышкан видеону фейсбук колдонуучу Канжан Кадыралиев өзүнүн баракчасына койду. Анда жаназада турган элдин алдында сөз сүйлөп жатып Садыр Жапаров уулунун бул жарыктыктан жаш кеткенине арман кылганын айтты. Экс-депутат маркум уулу Дастанды убагында үйлөнтүп жетише албай калганына кайгырып көзүнө жаш алды.

Ал ошондой эле уулунун жаназасына катышууга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков уруксат бергенин белгилеп, президентке ыраазычылык билдирди.

Дастан Мусталиев 22-августта Бишкектин бир көчөсүндө мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, алган жаратынан эсине келбей төрт күндөн кийин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган

Дастан Мусталиев 26 жашта болчу. Төрт бир тууган. Үйдүн улуусу.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-markum-uuluna-zhash-ketti-seni-jlnt-albadym-kechir



Добавить комментарий

  • Гульнара 5 лет назад
    Кайрат кылыныздар Президенттин калыс чечимине ишенебиз.Сооронбай Шарипович Сиз да кудай деген адамсыз Садырдын бошотулушу Сиздин колунузда.Элдин каргышына калбаныз🙏🙏