Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына барды (сүрөт)

11 ноября 2020 15:45 753 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Улуттук илимдер академиясына (УИА) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Президенттин милдетин аткаруучу УИАга сапарында Улуттук академиянын окумуштууларынын эмгектери коюлган көргөзмөнү көрүп чыкты. УИА президенти Мурат Жуматаев илимий мекеменин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана ачылыштары жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле ал азыркы учурда Академия туш болгон кыйынчылыктарды, анын ичинде техника-жабдуу базасын жаңылоого каражат жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

“Акыркы 16 жылдын ичинде өлкөнүн бир дагы президенти жана бир дагы премьер-министри Улуттук академияга келген эмес. Сиздин бул келишиңиз илимге жана окумуштуулардын эмгектерине болгон мамиленин өзгөрүшүнүн белгиси болоруна жана мындан ары оң натыйжаларды алып келерине ишеним артабыз”, - деп билдирди Мурат Жуматаев президенттин милдетин аткаруучуга кайрылып.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандын окумуштууларын илим күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Окумуштуулар дүйнөсү илгертен, кыска аралыктын ичинде стратегия иштеп чыгып, керектүү натыйжага мыйзамдуу жетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келгендигин белгиледи.

Бирок бүгүнкү күндөгү илимий коомчулуктун абалына токтолгон президенттин милдетин аткаруучу учурда биздин илим менен коом биринен обочолонуп жашап жаткандыгын өкүнүү менен билдирди.

“Коомдун каймактары болгон интеллигенциянын мамлекетибиздеги коомдук-экономикалык процесстерге аралашпай калгандыгы өкүндүрөт. Анын башкы себеби, албетте, биринчиден, мамлекет тараптан тийиштүү көңүл бөлүнбөй, окумуштууларыбыз турмуштун оорчулугун жеңе албай жатат. Бирок окумуштуулардын миссиясы мамлекеттик стратегияларды иргеп-ылгап коомго сунуштоо, аткаруу бийлигине артыкчылыктарды аныктоого жардам берүү деп ойлойм. Биз ансыз да көп убакытты жоготтук, тилекке каршы, он жылдап биздин илим системалуу көйгөйлөргө кабылып келет. Илим ушундай тармак, илим болбосо – экономика да, жалпысынан мамлекет да өнүгө албайт. Ал эми илим адамдары – коомдун жүзү”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров 

Президенттин академиянын техникалык базасын жаңылоого жана башка муктаждыктарына 300 млн сомго жакын каражат бюджеттен сырткаркы булактардан бөлүнөрүн кошумчалады. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-ilim-adamdary-koomdun-zhz-srt



Добавить комментарий