Садыр Жапаров: Электр энергиясы жаз мезгилинен тарта арзандайт

12 ноября 2020 14:31 2534 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда электр кубатына болгон чектөөлөрдү алып салса болорун айтты. Бул тууралуу 12-ноябрда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров журналисттер менен болгон маалымат жыйыны учуруда билдирди. 

"Электр энергиясына болгон чектөөнү алып салсак болот. Бирок, кыш мезгилинде бул чектөөнү алып сала турган болсок, анда электр тармагына күч келип, үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондуктан, биз жаз-жай мезгилинен баштап бул чектөөнү алып салабыз", - деди Жапаров. 

Эске салсак, Кыргызстанда калк үчүн 700 киловатт-саат деген чектөө коюлган. Бул көлөмдөгү электр кубатын пайдаланган абоненттер 77 тыйындан, ашып кеткендер 2,16 сомдон төлөшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-elektr-energiyasy-zhaz-mezgilinen-tarta-arzandajt



Добавить комментарий