Садыр Жапаров: Декабрда кызматымды тапшырып берип, президенттик шайлоого катышам

26 октября 2020 16:29 2030 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Кочкор районуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

Анын сүйлөгөн сөзүнүн видеосу Садыр Жапаровдун Телеграм-каналына жарыяланды.

Анын айтымында, ал декабрь айынын башында президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кызматынан кетет.

“10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары шайлоого ат салышам. Өтсөм ажо болом, өтпөй калсам жөнөкөй жаран катары сиздердин араңыздарда  кала берем”, - деди Жапаров.

Конституцияга ылайык президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катышууга укугу жок.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. 2020-жылдын 10-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейин үгүт мезгили. Мыйзамга ылайык, талапкерлерге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-dekabrda-kyzmatymdy-tapshyryp-berip-katardagy-adam-katary-prezidenttik-shajloogo-katysham



Добавить комментарий