Садыр Жапаров: Кыргызстандык спортчулар Олимпиада жеңишке жетишет деп ишенем

6 апреля 2021 09:48 1056 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Кыргызстандын дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Дене тарбия жана спорт коомдун жашоосунда зор мааниге ээ. Биздин спортчуларыбыз ири эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, элибиздин сыймыгы болуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо өрнөк көрсөтүп, элибизди сыймыкка бөлөөдө. Кыргызстандык спортчулар көптөгөн мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп келүүдө.

Токиодо өтө турган ХХХII Жайкы олимпиада оюндарына биздин 5 спортчубуз лицензия алды. Алар Олимпиада оюндарында жеңишке ээ болуп, пьедесталга көтөрүлө алат деп терең ишенем.

Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары өлкөбүздүн туусун бийик көтөрөт деп зор ишеним артабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар дайым өлкөбүздүн атын чыгарып, элибиздин сыймыгы болуп кала берет.

Дене тарбия жана спорт кызматкерлери өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң салым кошуп келүүдө. Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, алар сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча иштерди жигердүү жүргүзүп, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышат.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жатканыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-bizdin-sportchularybyz-elibizdin-syjmygy



Добавить комментарий