Садыр Жапаров: Авиабилеттердин баасын жеке өзүм көзөмөлгө алам

2 апреля 2021 20:30 1941 Barometr
Поделиться в:
ok

Садыр Жапаров Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

“Албетте маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз.

Россияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар.

Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз.

Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан көз каранды.

Казахстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди.

Эми Россия тараптын жообун күтөбүз.

Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!

Тескерисинче көптөн бери Россия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес.

Албетте баардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат”, - деп жазган Жапаров.

Эске сала кетсек, Россияга аба каттамдары көбөйтүлгөнүнө карабай, авиабилеттердин баасы түшпөй, айрыкча, эмгек мигранттарнын айласын кетирген.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-aviabiletterdin-baasyn-zheke-zm-kzmlg-alam



Добавить комментарий