Садыр Жапаров апасынын зыйнатында саясий кайрылуу жасады

9 марта 2019 12:51 7190 Barometr
Поделиться в:
ok

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта Ысык-Көл областынын Түп районунун Кең-Суу айылында өзүнүн апасы Кадича Жапаровын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

11 баланы тарбиялап чоңойткон Кадича Жапарова 77 жашка чыккан эле.

Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровго энесин акыркы сапарга узатууга барууга уруксат беришкен.

Ал сөөк коюу зыйнатында сөз сүйлөп, баардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан моралдык көмөк бергендиктери үчүн элге ыраазычылык билдирди.

 “Баардыгы мени мыйзамсыз жана адилетсиз абаккка отургузушканын билет. Мен мыйзамды сыйлаган жана акыйкат өлкөдө жашагым келет. Мен азыр адилеттик акырындап калыбына келип бара жатканына ишендим.  

Мурдагы бийликтин пикиринде “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыкпаш керек эле. Жыл сайын “Кумтөрдөн миллиард доллар чет өлкөгө чыгып кетип жатат, ал эми кыргыздар жумуш издеп Россия, Казакстанда жүрөт, алды Америкага чейин кетип жатат. 

Мен андан тышкары Джеруй, Иштамберди, Мегаком маселерин көтөрүп чыккам.

Эл мени пара албасын, байлыкты саттырбасын деп парламентке шайлаган жана мен аны аткардым”,-деп кайрылды келгендерге Жапаров.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 11 жыл алты айга эркинен ажыратылган.Учурда ал Молдовановка айлындагы №1 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-apasynyn-zyyanatynda-sayasij-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий