Садыр Жапаров ант берүү аземине 10 млн сом коротууга тыюу салды

22 января 2021 10:37 3946 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга президент болуп жаңы шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына 10 млн сом кетери буга чейин ачыкталган. Бирок, соцтармак колдонуучулары буга каршы болуп, нааразычылыктарын айтып чыгышты. Ага утурлай эле, “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Адинай Марипова Жапаровдун ант берүү аземине 10 млн сом сарпталбай турганын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот”, - деп жазды Марипова.

Буга чейин, ант берүү аземине даярдык катары калаанын борбордук көчөлөрү жабылып, жол тыгындары пайда болгонуна элдер нааразычылыгын билдиришкен. Айрым соцтармак колдонуучулары “даярдык учурунда эле ушундай жол тыгындары пайда болуп жатса, инаугурация күнү кантебиз” деп жазып чыгышкан.

Ага утурлай эле, соцтармак колдонуучулары ант берүү аземине сарптала турган 10 млн сом ого эле көп экенин айтып, өлкөдө ансыз да бюджеттин тартыштыгы күч алып турган учурда мындай акчанын сарпталышына каршы чыгып, нааразычылыктарын билдирип жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-ant-ber-azemine-10-mln-som-korotuuga-tyyuu-saldy



Добавить комментарий