Садыр Жапаров алгачкы иш-сапары менен 24-25-февраль күндөрү Россияга барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россияга болгон иш-сапарга даярдануу үчүн өзүн-өзү изоляцияга алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Россияга дипломатиялык иш-сапары 24-25-февраль күндөрү барары күтүлүүдө.
"Садыр Нургожоевич жакында Россияга боло турган иш сапарына даярданып жатат. Эми ал коронавирус пандемиясына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында өзүн-өзү коомдон обочолонтуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Садыр Жапаровдун алгачкы иш-сапары Россияга болорун билдирген
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-algachky-ish-sapary-menen-24-25-fevral-kndr-rossiyaga-barat
Добавить комментарий ×