Садыр Жапаров: Айлык акыларды дагы эки эсеге жогору көтөрөбүз

14 июля 2022 11:38 1529 Barometr
Поделиться в:
ok

Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, өтүп жаткан 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында айлык акы мындан эки эсе көтөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Маалым болгондой, эми 1-августан тарта калган мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. 

"Адам ресурсу – биздин башкы байлыгыбыз.

Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын кыргыз жеринде кор болбой, жакшы жашоосун камсыз кылуу.

Муну мен көп жолу айтып келем.

«Элдин курсагы ток болсун, кийими бүтүн, жашаган жери жайлуу, татынакай, таптаза болсо экен»,- деп биз ушундай мамлекеттик артыкчылыктарга басым жасап жатабыз.

Ал үчүн: айлыктарды, пенсия-жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз.

Аларга эле быйыл ондогон млрд кошумча каражаттарды таап,

жумшап жатабыз:

1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият  кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк. 

1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз.

Бул үчүн 10 млрд сомго жакын каражат керектелет.

Үйдө тынч болсо,  туруктуу киреше болсо, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз.

«Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм.

Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек.

Улуттук статкомитеттин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2% га өскөн.

Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм.

Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт.

Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок.

Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун.

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

 Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик.

 Бул максат ар бир Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек.

 Мен жана Министрлер Кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

 Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу.

 Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок", -деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-ajlyk-akylardy-dagy-eki-esege-zhogoru-ktrbz



Добавить комментарий